Мамакеев атындагы хирургия борборунда коронавируска чалдыккан бейтапка операция жасалды

  • 4 года мурун

Курман айт алдында, Мамбет Мамакеев атындагы улуттук хирургия борборунда аталган хирургия борборунун жана госпиталдык хирургия кафедрасынын кызматкерлери “кызыл зонада” коронавируска чалдыккан эки бейтапка операция жасашты.

Коронавируска чалдыккан бир бейтапка уйку безинин кеңири некрозу жана экинчи бейтапка бутунун артерия тромбозуна операция жасалды.

Ал күнү “кызыл зонада” дарыгерлер Бейшен Эралиев, Дастан Ибраев, Тынчтык Узаков, К. Сулайманов, Нураим Пайзылдаева, Абдыкаим кызы Айкөкүл жана клиникалык ординатор Айбек Аланбаев иштеди.

Бул тууралуу дарыгер Андрей Сопуев “Фейсбук” баракчасында билдирди.

Сүрөт: «Фейсбук» баракчасынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты