Айтылуу адабиятчы, сынчы Кадыркул Даутов каза тапты

  • 4 года мурун

Кыргыз эл жазуучусу, айтылуу адабиятчы, сынчы, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору Кадыркул Даутов 80 жашында узакка созулган оорудан каза тапты.

Бул тууралуу филология илимдеринин доктору Садык Алахан фейсбук баракчасында кабарлады.

Кадыркул Даутов 1940-жылы 10-сентябрда Алай районундагы Үч-Төбө айылында туулган. 1969-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.

Кадыркул Даутов “Ырдын өмүрү” , “Жаңы чектерге” , “Главное – поиск”, “Сөз өнөрүнүн эстетикасы” , “Таланттар жана тагдырлар” , “Тереңдиктер жана бийиктиктер” , “Адабий сын кантип жаралган?”, “Албан кырдуу алп акындын дүйнөсү”, “Мезгил сыны жана мен”, “Түркүн дүйнө элестеринен” , “Издегеним — тубаса акын, тунук поэзия” аттуу адабий-сын макалалары менен белгилүү болгон.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты