БШК шайлоо алдындагы үгүт иштерине 210 ЖМКны аккредитациялады
- 4 года мурун
Борбордук шайлоо комиссиясы өлкөдөгү парламенттик шайлоо адындагы үгүт иштерин чагылдырууга 210 ЖМКны аккредитациялады.
Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы билдирди.
Аккредитациядан 57 телекомпания, 52 гезит-журнал, 26 радиостанция, 75 интернет басылма өттү.
Үгүт иштери 4-сентябрда башталат. 20-августка чейин саясий партиялар съезд өткөрүп, депутаттыкка талапкердердин тизмесин түзүшү керек.
Парламенттик шайлоо 4-октябрда өтө тургандыгы боюнча жарлыкка Президент кол койгон.
Муну бөлүшүү