50 медициналык кызматкерден коронавирус аныкталды
- 4 года мурун
22-июлга карата бир сутка ичинде өлкө боюнча 50 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.
Анын ичинен:
• Бишкек шаары – 12;
• Чүй облусунда – 10;
• Ош шаары – 9;
• Ош облусунда – 5;
• Жалал-Абад облусунда – 4;
• Баткен облусунда – 6;
• Ысык-Көл облусунда – 4.
Бир суткада 23 медициналык кызматкер ооруканадан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары уй карантинден 444 медициналык кызматкер чыкты.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2478 учур катталды, алардын ичинен 1091 медкызматкер айыкты.
22-июлдагы маалымат боюнча өлкөдө бир суткада COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын 1108 учуру катталды.
Муну бөлүшүү