Коронавирусту дарылоонун протоколун карап чыгуу чечими кабыл алынды

  • 4 года мурун

Эл аралык соңку маалыматтарды эске алуу менен, Кыргызстанда учурдагы клиникалык протоколду кайрадан карап чыгуу чечими кабыл алынды.

Бул тууралуу вице-премьер-министр Аида Исмаилова COVID-19 вирусунун адам организмине тийгизген таасири боюнча саламаттык сактоо тармагындагы эксперттер менен жолугушуу учурунда белгилүү болду.

Жолугушуунун катышуучулары коронавирус инфекциясынын адам организмине тийгизген таасиринин патоморфологиялык тастыкмалары, диагноз коюу, дарылоонун клиникалык аспектилери маселелерин талкуулады.

Патоморфологиялык иликтөөлөр менен бирге дарттын патогенези жана клиникалык окуялардын сүрөттөмөлөрү тууралуу акыркы эл аралык маалыматтарды эске алуу менен учурдагы клиникалык протоколду кайрадан карап чыгуу чечими кабыл алынды.

Мурда дартты эл аралык классификациялоо-10 (МКБ-10) боюнча «Ооруканадан тышкаркы пневмония J-18» (өпкө оорусун чакыруучу зат аныкталбаган) деп кодификацияланган окуялар лабораториялык жактан тастыкталбаган (ПЧР жыйынтыгы терс же жасалбаган), бирок клиникалык белгилери бар жана рентген аркылуу тастыкталган коронавирустук инфекция катары саналат.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты