​Фабрика күнүнө 100 миң даана беткап чыгарат

  • 4 года мурун

Ишкананын негиздөөчүсү Алмазбек Абдраев пандемия учурунда ишкана тез аранын ичинде медициналык максатта колдонула турган жеке коргонуу шаймандарын өндүрүүгө өткөнүн маалымдады.

Медициналык беткаптын үч түрүн: беш катмарлуу KN 95 респиратор бет кабы, KN 95 клапаны менен беш катмарлуу респиратор жана үч катмарлуу медициналык беткап өндүрүү үчүн шаймандар сатылып алынган.

Фабрика түрүнө жараша, күнүнө 100 миң даанага чейин беткап чыгара алат.

Тиешелүү мамлекеттик органдардан продукцияны өндүрүү үчүн сертификат алууда маселе жаралууда.

Мындан тышкары, медициналык беткап өндүрүүгө керектүү чийки заттарды алып келүүдө чек арада көйгөйлөр бар.

Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков 16-июлда Чүй районундагы «Текстиль транс» ЖЧКсы текстиль фабрикасынын ишмердиги менен таанышуу учурунда сөз болду.

Президент бул ишкананын социалдык багытта иштеп жатканын белгиледи.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты