Улуттук госпиталдын врачы Турат Кулжабаев пневмониядан мезгилсиз көз жумду
- 4 года мурун
Улуттук госпиталдын проктология бөлүмүнүн хирург-проктологу Турат Кулжабаев эки тараптуу пневмониядан каза тапты.
Бул тууралуу анын туугандары кабарлады.
Эки тараптуу пневмониядан анын өпкөсүнүн жарымы жабыркаган.
Турат Кулжабаев №1 шаардык оорукананын реанимация бөлүмүндө жаткан. Турат 45 жашта болчу.
Турат Кулжабаевдин адамгерчилиги бийик, өз ишине берилген, кесипкөй врач болгонун анын кесиптештери жана анын колунан айыккан адамдар айтып жатат.
Муну бөлүшүү