Бизди кечир, Адинай!

Коронавируска чалдыккандарды дарылоо жаатында иштеген медиктердин катарында болгон, Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын студенти, ыктыярчы, 21 жаштагы Адинай Мурзабекованын сөөгү бүгүн жерге берилди.

Адинай Мурзабекова жаш болсо да, медицина кызматкерлеринин жүгүн жеңилдеткен ыктыярчылардын катарында коронавируска чалдыккан бейтаптарды карап, обсервацияга иштеп жүрүп курман болду.

Коомчулук Адинай Мурзабекованын жаштайынан өмүрү менен кош айтышканына кабыргасы кайышып, анын баа жеткис эрдигин белгилеп, элесин түбөлүккө сактоо үчүн анын атындагы сыйлык уюштуруу, атын түбөлүккө калтыруу демилгесин көтөрүп жатышат.

Адинай Мурзабекова кечээ, 14-июлда, жаш ыктыярчылардын катарында обсервацияда бейтаптарга жардам берип жүрүп, көз жумган.





Ал эми мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун кыргыз элинин атынан көңүл айтуусунда мындай деп айтылат:

-Борбор калаадагы убактылуу стационарлардын биринде ыктыярчы болуп эмгектенип жаткан И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 5-курсунун студенти Адинай Мурзабекованын дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгы тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Медициналык кадрлардын жетишсиздиги ыктыярчыларды, алардын ичинде медициналык факультеттердин жогорку курстарынын студенттерин ишке тартууга мажбур кылды. Жаш болгонуна карабастан, алар улуу кесиптештери менен бир катарда болуп, бүгүнкү күндүн бардык оош-кыйыштарын татыктуу көтөрүп келе жатышат. Тилекке каршы, бүт өмүрү али алдыда болгон жаш адисибизден айрылып отурабыз».

Адинай Мурзабекова күч-кубатын, ден соолугун аябастан, өз милдетин кайратмандык менен аткарганын жана калктын саламаттыгын, адам өмүрлөрүн сактап калууга баа жеткис салым кошту.

«Адинай Мурзабекова мекендештери, курсташтары, достору, туугандары жана жакындары, аны тааныгандардын эсинде өз мезгилинин баатыры катары түбөлүккө кала берет. Үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтам, орду толгус жоготуунун кайгысын тең бөлүшөм», — деп белгиледи Президент.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты