Бир күндө 125 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды
- 4 года мурун
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 105 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.
• Бишкек шаары – 25;
• Чүй облусунда – 13;
• Ош шаары – 19;
• Ош облусунда – 14;
• Жалал-Абад облусунда – 5;
• Баткен облусунда – 21;
• Ысык-Көл облусунда – 8.
Ал эми бир суткада 6 медициналык кызматкер ооруканадан айыгып чыкты.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 1980 учур катталды, алардын ичинен 576 медкызматкер стационардан айыгып чыкты.
15-июлга карата республикада бир суткада COVID-19 вирусунун 439 учуру аныкталды. 11 киши каза тапты. Пневмониядан 74 киши көз жумду.
Муну бөлүшүү