Нурлан Абдрахманов Стамбулдагы башкы консул болуп дайындалды

  • 4 года мурун

Нурлан Абдрахманов Түркиянын Стамбул шаарындагы Кыргыз Республикасынын башкы консулу болуп дайындалды.

Бул тууралуу жарлыкка Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгону маалымдалды.

Абдрахманов тышкы иштер министрлинин орун басары болуп иштеген.

Мурдагы башкы консул Эркин Сопоков 11-ноябрда кызматтан бошотулган.

Сопоков Стамбулда киши колдуу болгон ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу кармалган.

Сүрөт: Нурлан Абдрахманов. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты