Саламаттык сактоо министри Абдикаримов пневмония болду
- 4 года мурун
Саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримовдун ПЧР-анализи таза чыкты. Ага пневмония диагнозу коюлду.
Бул тууралуу коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Ал эми анын орун басары Нурболот Үсөнбаевде – COVID-19 вирусуна тест оң болуп чыкты. Алардын абалы орточо оор, канааттандырарлык деп бааланууда. Алар тийиштүү түрдө дарыланып жатат, — деди ал .
10-июлга карата республикада бир суткада COVID-19 инфекциясынын жаңы 511 учуру катталды.
Муну бөлүшүү