​Белгилүү котормочу, публицист Аалы Молдоканов жерге берилди

  • 4 года мурун

Белгилүү котормочу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Аалы Молдоканов менен коштошуу зыйнаты бүгүн, 9-июлда өттү. Анын сөөгү туулуп-өскөн айылында жерге берилди.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жарыялаган некрологдо Аалы Молдокановдун басып өткөн жолу, кесиптик чеберчилиги жана жупуну, адамгерчилиги бийик адам болгондугу белгиленет.

Аалы Молдоканов 69 жаш курагында капилет келген оорунун айынан дүйнөдөн мезгилсиз кайтты.

Аалы Молдоканов 1951-жылдын 20-сентябрында Кочкор районунун Жаңы-Жол айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүткөндөн кийин 1977-1979-жылдары “Кыргызстан” басмасында корректор, кенже редактор болуп иштеп баштаган.

“КыргызТАГ” мекемесинде редактор, котормочу болуп иштеген, Жогорку Кеңеште котормо секторун жетектеген. 2000-жылдан ушул убакка чейин КР Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жооптуу катчысы, бөлүм башчысы кызматтарын аркалап келген.

Аалы Молдоканов адамгерчилик ариети бийик жана таза, жупуну, интеллигент, кыргыз касиеттерин өнө боюнда алып жүргөн адам болгон.

Өз элинин мекенчил уулу, чынчыл, беттегенин бербеген көкжал, ошол эле учурда ар бир шакиртине атадай кам көргөн боорукер жана эмгекчил инсан эле. Анын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө ар дайым сакталат, -деп айтылат.

«ПолитКлиника» медиасынын жамааты Аалы Молдокановдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көнүл айтат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты