​Акматова: Коркпоңуздар, дүрбөлөңгө алдырбаңыздар

  • 4 года мурун

Дартка чалдыкканда медициналык кызматкерлердин гана рецепти менен дарыланып, биринчи күндөрү антиобиотик ичпей, социалдык тармактарда айтылып жаткан дексаметазон колдонбоңуздар, коркуп, дүрбөлөңгө алдырбаңыздап деп билдирди коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова маалымат жыйынында.

— Коронавирус илдетине кабылгандардын тамакка табити тартпайт. Ошого карабастан суу ичүүнү токтотпош керек, суюктукту көп ичүүгө, тамак аш, жер-жемиш, жашылча салат көбүрөк жегенге аракет кылыңыздар. Жүрөк оорусу барлар бир күндө 2 литрден кем эмес, калгандар 3 литрге чейин суу ичиши керек. Белоктуу тамак-аш, витамин колдонуш керек.

Эгерде кимдин дене табы 37,5-38 градуска чейин көтөрүлсө, сөзсүз 118 колл-борборуна чалып кеңеш алып, үй-бүлөлүк медицина борборлоруна кайрылыңыздар.

Дарыгерлердин рецепттери менен дарыланууга чакырам. Эч качан үйдөн өз алдынча антибиотик каражаттарын, биринчи күндөрдө антибиотик колдонбоңуздар. «Дексаметазон» дарысын колдонбоңуздар жана дүрбөлөңгө алдырбаңыздар-, — деп билдирди коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова.

Негизсиз коркуу сезими кортизол гормонун бөлүп чыгарат, ал углевод алмашуусунун жай жүрүшүнө, иммунитеттин начарлашына алып келет. Ал эми иммунитеттин түшүшү COVID-19 инфекциясынын жана кандай инфекция болбосун, өтүшүүcүнө, биринчи кезекте пневмонияга алып келет, — деп билдирди.

Бир сутка ичинде пневмониядан 42 бейтап каза болду. Алардын ичинен — Бишкекте 21 киши.
Март айынан бери пневмониядан каза болгондордун жалпы саны – 310 киши болду.июлга карата республикада бир суткада коронавирустун жаңы 361 учуру катталды.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты