​Ошко Москвадан Кыргызстан жарандары келди

  • 4 года мурун

8–июлда Кыргызстанга «S7 Airlines» авиакомпаниясынын Москва-Ош багыты боюнча чартердик каттамы менен Россиядан Кыргызстандын 221 жараны кайтып келди, алардын ичинде балдар да бар.

Бул тууралуу тышкы ишт ер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Россиянын ЖОЖдорунда окуган студенттер, төрөтү жакындагандар жана жаш балдары бар аялдар, Мекенине чукул түрдө кайтышы керек болгон жарандар, мисалы: оор илдеттери барлар, жакында хирургиялык операция жасаткандар, жакындарынын кайтыш болушу жана башка оор турмуш кырдаалдарына кабылгандар киргизилген.

Бул каттам чет мамлекеттерде калып калган КР жарандарын кайтаруу боюнча КР макулдашуу негизинде уюштурулду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты