​Жогорку жана орто окуу жайына абитуриент кабыл алуу онлайн өтөт

  • 4 года мурун

Быйыл Кыргызстандын жогорку окуу жайларына жана кесиптик орто окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуу онлайн форматта жүргүзүлөт.

Ал үчүн атайын “Абитуриент Online” автоматташтырылган маалыматтык системасы билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыкты, — деп билдирди билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова.

Анын айтымында, онлайн системанын максаты – пандемия учурунда жарандардын коопсуздугун сактоо жана бардык абитуриенттерге бирдей шарт түзүү.

2020-жылы Кыргызстанда 9-класстын 103 миң 670 окуучусу жана 11-класстын 58 миң 730 бүтүрүүчүсү окууну бүтүрдү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты