Россиядан кыргызстандык 963 жаран кайтып келди
- 5 лет мурун
Кыргызстан менен Казакстандын тышкы саясый ведомстволору ортосунда Россиянын Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарында жайгашкан кыргыз жарандарын ташып чыгуу үчүн Казакстандын аймагы боюнча транзиттик коридорду берүү жөнүндө жетишилген сүйлөшүүлөр ишке ашты.
6-июлда 20 автобус менен биринчи партияда 963 жарандары Кыргызстанга келди.
Ал эми 12 автобус менен 533 адамдан турган колоннанын экинчи партиясы кыргыз-казак чек арасына Казакстандын жол полиция кызматынын коштоосу менен келе жатат.
Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин 5-июлда “Манас” эл аралык аэрпорту “Москва-Бишкек” багыты боюнча “Аэрофлот” авиакомпаниясынын чартердик каттамын тосуп алды. Кыргызстанга Россиядан 424 КР жараны, анын ичинде 26 жаш бала кайтып келди.
Ошондой эле “Ош” эл аралык аэропортунда 5-июлда «Аэрофлот» авиакомпаниясынын Москва-Ош багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алышты.
Кыргызстанга Россиядан 336 кыргызстандык кайтып келди.
Иллюстрациялык сүрөт: