​Жалгап Казакбаев менен коштошуу Кара-Балта шаарында өтөт

  • 4 года мурун

Жалгап Казакбаев менен коштошуу зыйнаты 6-июлда саат 10:00дө Кара-Балта шаарынын Целинная көчөсүндө өтөт. Сөөгү Тельман айылында коюлат.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Узакка созулган оорудан кийин Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жалгап Казакбаев 71 жашында дүйнө салды.

Жалгап Казакбаев 1949-жылы Панфилов районунун Тельман айылында туулган. 1972-жылы Фрунзе политехникалык институтун аяктап, «Сетунь» заводунда цехтин башчысынын орун басары, мастер болуп иштөөдөн эмгек жолун баштаган.

Жогорку Кеңештин эки чакырылышынын депутаты болуп шайланган. Кара-Балта тоо-кен комбинатынын генералдык директорунун орун басары, генералдык директору болуп эмгектенген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты