​Кесиптештердин иликтөөсү: Матраимовдор фондунун бети ачылган донорлору

“Азаттык”, Кloop жана OCCRP, Bellingcat уюмдарындагы кесиптештерибиздин иликтөөсүн толугу менен сунуш кылабыз.

Кыргызстандагы таасирдүү үй бүлөнүн таанымал кайрымдуулук фондуна түшкөн каражаттын жарымына жакыны мыйзамсыз көмүскө карго түйүнүнө байланышы бар булактардан которулган.

Жакында белгилүү болгон банк документтерине ылайык, Кыргызстандагы саясий жактан таасирдүү Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн “Исмаил Матраимов атындагы» кайрымдуулук фонду өлкөдөн эбегейсиз каражатты адалдап кеткен көмүскө түйүндөн мурда билингенден алда канча көп акча алган.

Кыргызстандын Финансы полициясы бул фондго 2014-2019-жылдар аралыгында 1,4 миллион доллар каражат келип түшкөнүн өткөн жылы жайында билдирген. Жаңы белгилүү болгон күмөндүү каражаттар анын жарымына жакын бөлүгүн түзөт.

Бул акча бажы чиновниктери менен жең ичинен байланышып алган Абдукадыр аттуу уйгур үй-бүлөнүн көмүскө жүк ташуучу империясынан түшүп турган. «Азаттык», OCCRP жана Kloop мекемелеринин буга чейинки иликтөөсү көрсөткөндөй, Матраимовдордун таанымал өкүлү, Бажы кызматынын мурдагы жетекчи орун басары Райымбек Матраимов бул мыйзамсыз бизнеске жол ачып, кирешеге туйтунуп турган.

Райымбек Матраимов. Сүрөт: Фейсбук

Эл көзүнө көрүнбөгөн Абдукадырлардын үй-бүлөсү жана алар Кытайдан Борбор Азияга аткезчилик менен товар ташып кандайча миллиондорду тапканы тууралуу мурдагы иликтөөнү бул жерден окуңуз.

Иликтөө жарым-жартылай Айеркен Саймаити берген документтерге негизделди. 2019-жылы ноябрда Стамбулда атып өлтүрүлгөнгө чейин Саймаити акча адалдоонун адиси болгонун моюнга алып, журналисттерге маалыматтарды берип турган. Ал Матраимовду тутумдаш коррупцияга тиешеси бар адам катары айыптаган.

Cаймаити Кыргызстан аркылуу жүргүзүлгөн көмүскө бизнестен түшкөн 700 миллион доллар акчаны адалдап кеткенин билдирген. Ал кирешенин бир бөлүгүн өзү жана аялы Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн кайрымдуулук фондуна которушканын белгилеп, ал акча Райымбек Матраимовдун “үлүшүнүн” бир бөлүгү экенин чечмелеген.Мурдагы иликтөөлөрдүн биринде Матраимовдун Дубайдагы кыймылсыз мүлкү, анын ичинде Абдукадырлар менен бирге куруп жаткан курулушу ашкереленген. Саймаити Дубайдагы Абдукадырлардын эсебине он миллиондогон доллар которгон.

Матраимовдор Саймаити менен эч бир байланышы жок экенин, болгону анын аялы гана фондго кайсы бир ишкердин атынан 200 миң доллар которгонун билдиришкен. Райымбек Матраимовдун бир тууган агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов ал каражатты “Өзжан деген досу” котортконун, сергек жашоону жайылтууну көздөгөн фондго ал мусулмандардын кадимки ыктыярдуу салымы, “зекет” катары берилгенин айткан. Бирок Матраимов чет элдик демөөрчү достору аты-жөнүн ачыкка чыгарууну каалашпасын белгилеген.


Матраимовдордун фондунун «Фейсбуктагы» барагындагы видеодон алынган бул сүрөт элге берилип жаткан жардамды көрсөтөт. (Сүрөт: Facebook)

«Азаттыктын» өткөн жылдын май айындагы Саймаити аралашкан акча адалдоо тууралуу иликтөөсүнөн кийин Финансы полициясы өз териштирүүсүн баштаган. Анда Матраимовдордун фондуна келген каражаттар да кошо текшерилген. Финполиция билдирүү таратып, 2014-2019-жылдары фондго 10 демөөрчүдөн акча которулганын тизмелеп, жалпысынан 1,4 миллион доллар жөнөткөн бул донорлордун аты-жөнүнүн баш тамгалары гана көрсөтүлгөн.

Алардын ичинен «W.B.» деп белгиленген донор — Саймаитинин аялы Вуфули Бумаилиаму (Wufuli Bumailiyamu) болуп чыкты.

Кошмо Штаттардан алынган жаңы банк маалыматтары калган тогуз демөөрчүнүн үчөөнүн жүзүн ачты. Финполиция фондго түшкөн каражатты күмөндүү деп тапкан эмес. Матраимовдор да мыйзам бузуу жок деп четке каккан. Ошентсе да журналисттик иликтөө жаңыдан такталган үч донордун тең Саймаити менен да, ал Кыргызстандан чыгарып кеткен акча менен да айкын байланышы бар экенин көрсөттү.

Банк маалыматтары

Тагдырдын тамашасын караңыз, Матраимовдор буга чейинки журналисттик иликтөөлөрү үчүн “Азаттык” радиосу менен «Клоопту» «беделибизге шек келтирди» деп сотко бергенден кийин гана АКШдагы банктардан маалымат алуу мүмкүн болду.

Кошмо Штаттардын мыйзамына ылайык, башка өлкөдөгү соттук териштирүүгө керектелчү далилди алыш үчүн АКШ сотуна кайрылууга болот. “Азаттык” радиосу сот аркылуу Америкадагы Deutsche Bank Trust Company Americas жана The Bank of New York Mellon банктарына кайрылган. Доллар менен жүргүзүлгөн эл аралык акча которууларда АКШ банктары үчүнчү тарап катары катышат. Саймаити фондго которгонун билдирген каражаттарда ортомчу катары аталган эки банк көрсөтүлгөн.

Өтүнүчкө жооп катары жалпысынан 66 уникалдуу банктык которуулар тууралуу кеңири маалымат алынды.

Жаңы белгилүү болгон жалпы 470 миң долларлык банк транзакцияларынын арасында Түркия жана Дубайдагы компаниялардан коммерциялык максатта — “текстиль үчүн төлөм” жана “электроника сатып алуу үчүн” деп көрсөтүлгөнү бар. Финполиция Матраимовдордун фонду “эч кандай коммерциялык ишмердик менен алектенбейт” деп билдирген. Фондго которулган акчанын булагын жашыруу максатында түрдүү компанияларды, анын ичинде Бириккен Араб Эмираттарында жайгашкан фирмаларды колдонгонун Саймаити журналисттерге чечмелеп берген. Сөзүнө далил катары Дубайдан акча которулганы тууралуу банк документтерин кабарчыларга берген. Эми ошол документтердин аныктыгын америкалык банктын маалыматы ырастады.


Журналисттик иликтөөлөрдөн кийинки Бишкекте өткөн коррупцияга каршы митинг. Сүрөт: Александра Титова, Kloop.

Саймаитинин аялы которгон 200 миң долларга жакында ачыкка чыккан транзакцияларды кошкондо акча адалдоо менен алектенген түйүндөн кайрымдуулук фондуна которулган акча 670 миң долларга жеткени такталды. Бул Финполиция 2014-2019-жылдары фондго донорлордон түшкөн деп ырастаган сумманын жарымына жакыны.

Райымбек Матраимовго азыркыга дейре коррупция боюнча расмий айып тагылган эмес. Ал өзү жана туугандары мыйзамсыз байлыктан пайда көргөнүн четке кагышат. Райымбек Матраимов да, анын кыргыз парламентинде отурган агасы Искендер Матраимов да комментарий берүү өтүнүчтөрүнө жооп беришкен жок. Искендер Матраимовдун кеңешчиси кеңири жооп берүүгө кошумча убакыт сураган, бирок бул материал жарыяланганга чейин кайра байланышкан жок.

ТАБЛИЦАГА КОШУМЧА: Бул жерде Матраимовдордун фондуна Саймаити жана анын шериктери жөнөткөн беш акча которуунун тастыктамасы бар. Бул жерди бассаңыз, ар бир акча которуу майда деталдары менен өзүнчө бөлүнүп көрсөтүлөт.

Түркиялык донор

Жакында белгилүү болгон Матраимовдордун үч демөөрчүсүнүн бири Түркиянын жараны Дилшат Артыш. Америкалык банктардын маалыматына караганда, ал 2015-жылдын 19-октябрында “Исмаил Матраимов атындагы» коомдук фондго 170 633 доллар которгон.

Артыш тууралуу ачык булактарда маалымат аз. Саймаити аны Абдукадыр үй-бүлөсүнүн Түркиядагы бизнесин жүргүзгөн адам катары сүрөттөгөн.

Саймаитинин жеке эсеп-кысабы менен ал берген транзакциялардын таблицасы Артыш Саймаити акча адалдоо системасы деп сыпаттаган ишке такай аралашып жүргөнүн айгинелейт. Ошол эсеп-кысапка ылайык, Саймаити 2014-2015-жылдары Артышка 13 жолу жалпысынан 2,35 миллион доллар которгон. Саймаитинин финансылык отчеттору жазылган таблицасындагы Артышка таандык деп көрсөтүлгөн банк эсеби менен АКШ банктарынан алынган банк эсеби төп келет.

Артышка байланыштуу акча которууларды бул жердеги интерактивдүү графиктен көрүңүз.

Саймаити журналисттерге Артыштын айдоочулук күбөлүгүнүн сүрөтүн берген. Андагы номер Түркиянын корпоративдик маалымат базасындагы Артыштын түрк ID картасынын номерине дал келет.

Артыштын Саймаити акчасын адалдап берген Абдукадырлардын бизнес-империясына да катышы бар. Анткени Саймаитиден алынган башка бир документ 2014-жылы Артыш он миңдеген долларды Абдукадырдын Түркиядагы негизги Palvan Insaat Turizm фирмасына салганын көрсөтөт. Ошол эле документте Артыш аталган фирманын эсебинен кайра бир канча ирет акча алганы бар.

Саймаитинин жеке эсеп-кысабындагы Артыштын Palvan компаниясына салган жана андан алган каражаттарын көрүү үчүн бул жерди басыңыз.

Дилшат журналисттерге байланышка чыгып, Абдукадырлар менен эбактан бери эле ишкердик алакасы бардыгын билдирди. Матраимовдордун кайрымдуулук фонду тууралуу Стамбулда жашап жүрүп угуп билип, момун мусулман катары Алланын амирине баш ийип, фонддун Кыргызстанда диний жана маданий билим таратуу иштерин колдоо максатында акча жөнөткөм деп белгилейт.

Ал өзүн узактан бери Борбор Азияда кеңири ишкердик жүргүзгөн адам катары сыпаттап, Саймаитиден алган акча ар кандай товар жана көрсөтүлгөн кызматтар үчүн берилген кардарлардын каражаты болгонун чечмеледи.

Биз Дилшат Артыш Матраимовдордун кайрымдуулук фондуна акча которгон маалда анын Борбор Азияда жүргүзгөн бизнес ишмердиги тууралуу учкай гана маалымат таба алдык. Ага таандык эки түрк компаниясынын тең веб-сайты жок.

Бул жерде эске ала турган бир жагдай: 2018-жылдын декабрында Артыш жаңы компания негиздеп, ал Ташкент шаарындагы 430 миллионго бааланган талаштуу курулушту ишке ашырып жаткан өзбек компаниясынын 30% акциясын сатып алган. ББСнин өзбек кызматы кабарлагандай, бул долбоорго жер бошотуу үчүн карапайым тургундар башка жакка көчүрүлөт. Артыш анын инвестициясынын табияты тууралуу суроолорго жооп берген жок.

Изи жок фирмалар

Саймаити киши колдуу болорунан бир нече апта мурун берген маектеринин биринде Матраимовдордун кайрымдуулук фондуна жиберилген эки акча которуу тууралуу айтып берген.

“Менин которгонум бар, Түркиядан кайсы бир түрктөрдүн атынан, алардын компанияларынын атынан котортконум бар” деген эле Саймаити. “160 миң жана 140 миң дегендер бар”, – деп тактаган.

Саймаити акча которууларды ишке ашырган компаниялардын атын атаган эмес. Бирок АКШ банктарынын документтери алардын тек-жайын ырастайт.

Саймаити өз сөзүн бекемдеп, Дубайдагы Alwasl General Trading FZE аттуу компаниядан 160 миң доллар Матраимовдордун фондуна акча которууга банкка тапшырган өтүнүч кагазын жана транзакциянын электрондук дүмүрчөгүн журналисттерге салган. Кабарчылар адеп бул документтин түп нускасын өз күчтөрү менен аныктай алышкан эмес. Бирок АКШ банктарынын транзакциялары ал документтердеги маалыматтарга дал келет. Анын ичинде 159 965 доллар качан жана эмне максатта (“электроника алуу үчүн”) которулганы көрсөтүлөт. Ошондой эле банк эсеби Саймаити берген документке шайкеш келет.

Журналисттер дубайлык Alwasl кандайдыр ишмердик жүргүзгөнү тууралуу кеңири маалымат таба алышкан жок. Аталган компания 2017-жылдын августунда Индиядан Түркияга тоңдурулган кальмардын 336 миң долларга бааланган төрт партиясын гана жөнөткөн. Бул маалымат вашингтондук С4ADS иликтөөчү тобунун колуна тийген импорт-экспорт маалыматтарында камтылган.

Alwasl банк аркылуу которулган каражат тууралуу суроолорубузга жооп берген жок. Компаниянын эки өкүлү менен байланыштык. Алардын бири сөздү баштабай туруп бүтүрдү. Экинчиси жиберген катты окуп, бирок жооп берген жок.

Матраимовдордун фондуна акча которгон экинчи фирма — Star Crystal Kuyumculuk Gida Tekstil Turizm Sanayi Ve Ticaret Limited Sirketi. Компанияга ээлик кылары көрсөтүлгөн Айбек Улучай аттуу кишини журналисттер интернеттен издеп таба алышкан жок.

АКШлык банк документтери көрсөткөндөй, дубайлык Alwasl компаниясындай эле Star Crystal 2016-жылдын октябрында Матраимовдордун фондуна коммерциялык максатта 139 965 доллар которуп, аны “текстиль үчүн төлөм” деп көрсөткөн. Бул сумма Саймаити Матраимовдордун фондуна которулган деп айтып жаткан сумманын 140 миң доллары менен шайкеш келет.

Саймаити Кыргызстандан чыгарып атканда акча которууларынын көбүнө “максаты” деген жерге “текстиль үчүн” деген фразанын бир нече вариантын көрсөтүп койгон. Бул акчаны башка максатта чыгарып кетүүнүн бир ыкмасы экенин чечмелеген. Ири суммада которулуп жаткан акчаны бизнес-транзакция катары көрсөтүү банк аркылуу акча адалдоонун кеңири тараган ыкмаларынан. Саймаити “Текстиль” деген максат менен которгон 78 транзакцияны бул жерден көрүңүз.

Кабарчылар Саймаити менен Star Crystal фирмасынын бир нече байланышын табышкан.

Биринчиден, Саймаити берген электрондук банк дүмүрчөк анын Кыргызстандагы кенедей фирмасы 499,200 долларды бул компанияга 2017-жылдын 24-апрелинде которгонун көрсөтөт.

Документтеги түрк банк эсебинин номери Star Crystal фирмасы Матраимовдун кайрымдуулук уюмуна “текстиль үчүн төлөм” деп жиберген которууга төп келет»

Андан тышкары Star Crystal менен Саймаитинин көзөмөлү астында Кыргызстандан сыртка ири өлчөмдө мыйзамсыз нак акча ташыган курьерлердин да байланышы бар.

Курьерлердин бири Бишкектен Стамбулдун Ататүрк аэропортуна 2017-жылдын март айында 801 миң доллар накталай акча менен учуп келгени Саймаити берген документте көрсөтүлгөн. Түрк бажы декларациясында акча Star Crystal компаниясына таандык экени көрсөтүлгөн.


Саймаитиге баш ийген курьерлердин бири 801 миң долларды Түркияга алып кирип жатканын, акча Star Crystal компаниясына тиешелүү экенин өзү толтурган бажы декларациясында көрсөткөн. Бул компания Саймаитинин Кыргызстандагы кенедей базарынан 1.8 миллион доллар алган башка эки компания менен Стамбулда бир даректе жайгашкан.

Саймаити берген түрк бажы декларациясына ылайык, кыргызстандык дагы бир курьер 2017-жылдын март айында Стамбулга 10,48 кг алтын көтөрүп келген. Бул жерде да Star Crystal алтындын ээси катары көрсөтүлөт. Андан бир жыл мурда ошол эле курьер Саймаитинин аялынын түрк банкындагы эсебине 9880 доллар салат. Ал акча эртеси эле банктан алынган. Бир нече айдан кийин Саймаитинин аялынын ушул эле банк эсебинен Матраимовдордун фондуна келген эки “зекеттин” бири которулган.

Star Crystal компаниясынын байланыш даректерин табуу аракетибизден майнап чыккан жок, аны менен бир даректе катталган экинчи компания менен да байланышуу мүмкүн болгон жок.

5,6 миллион Британ фунтунун табышмагы.

Саймаитинин архиви.

Бажыдагы миллиондор: карактоо эана калкалоо

Долбоор тууралуу

«Бажыдагы миллиондор: Карактоо жана калкалоо» “Азаттык” радиосунун, “Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоорунун” (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү “Kloop” маалымат агенттигинин биргелешкен долбоору. Жогорудагы мекемелердин жыйырмадан ашык журналисти бул иликтөөнүн үстүнөн бир нече ай бою талбай иштешти. Бул маалда кабарчыларга жана редакторлорго бир канча жолу коркутуу болгондуктан, алардын аты-жөндөрү ачык жазылбайт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты