​Төрт медианын жаңы иликтөөсү: Миллиондордун изи: факты жана реакция (Видео)

«Азаттык», OCCRP, Kloop жана Bellingcat Кыргызстан аркылуу адалданган миллиондогон доллар жана анын Матраимовдорго байланышы тууралуу кезектеги журналиттик иликтөөнү жарыялады.

Журналисттик иликтөөдө Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн «Исмаил Матраимов атындагы» кайрымдуулук фондуна акча которгон дагы үч демөөрчү ачыкка чыкты.

«Азаттык» кыргыз бажысындагы коррупциялык иштер жана күмөндүү жолдор менен чыгарылган каражат боюнча иликтөөлөрдө айтылган бардык документтерди жарыялады.

Быйыл 21-ноябрда жана 4-декабрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» жана “Көмүскө акча ташыгандар кербени” деген иликтөө жарыяланган.

Иликтөөлөргө байланыштуу Райымбек Матраимов, анын агасы, депутат Искендер Матраимов, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Исмаил Матраимов атындагы» кайрымдуулук фонду үч медианы сотко берген.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты