Жээнбеков АКШнын көз карандысыздыгы күнү менен куттуктады

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков АКШ Президенти Дональд Трампты 4-июль, АКШнын көз карандысыздык күнү менен куттуктады.

«Биздин өлкөлөрдүн ортосунда калыптанган достук мамилелер мындан дагы тыгыз саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында көп тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө жакшы негиз түзөт деп ишенем.

Өз кезегинде, Кыргызстан АКШ менен кызматташууну чыңдоо жана кеңейтүү үчүн мындан ары дагы бардык күч-аракеттерин жумшайт деп ишендиргим келет», — деп белгиленет куттуктоодо.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты