Президент коргонуу каражаттарынын баасын көтөргөндөр жазасыз калбай турганын белгиледи

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков медицина кызматкерлерин алдыдагы майрамы менен куттуктап, аларга кайрылуу жолдоду.

-Сиздердин эмгегиңер жогорку баага татыктуу.

Медиктердин статусун жогорулатууга, өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал шартында иштегендерди материалдык колдоого багытталган мыйзамга өзгөртүүлөр кирди. Сиздерди колдоо жана коргоо ишин улантабыз.

Пандемия — саламаттыкты сактоо тармагындагы тереңдеп кеткен көйгөйлөрдү ачыктады. Алардын баарын жоюп, тармакты башкарууну жолго коебуз.

Илдет менен күрөшүү, адам өмүрүн сактоо үчүн бардык иш-чаралар жасалып жатат.

Ошого карабай, өлкөдө абал татаал бойдон калууда.

Дарыгерлердин жардамына муктаждык жогорулап, адистердин жетишсиздиги курч маселе болуп турат.

Мамлекеттик эмес клиникалар, коргоо жана күч органдарынын ооруканалары, аскер врачтары ишке тартылат.

Медициналык окуу жайлардын жогорку курстарынын студенттеринен турган ыктыярдуу бригадаларды түзүүгө чакырам, — деди Президент.

Ошондой эле дары-дармек, беткап, өздүк коргонуу каражаттарынын баасын көтөргөндөр жазасыз калбай турганын белгиледи.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты