Пневмония менен ооруканада 337 киши оор абалда, реанимацияда 112 киши жатат
- 4 года мурун
Коранавирус аныкталбаган, бирок пневмониянын жаңы түрү же медиктер айткандай. ооруканадан сырткары пневмония жуктуруп алган стационардагы бейтаптардын саны – 1724ге жетти. 23 киши пневмониядан каза тапты.
Реанимацияда – 112, оор абалдагылар 337 адам.
Бир сутка ичинде пневмониядан каза болгондор — 23. Каза болгондордун жалпы саны – 120 адам.
Бардыгы – 2508, алардын ичинен айыккандар – 664 адам.
Бул тууралуу коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
3-июлга карата республикада бир суткада коронавирустун 506 учуру катталды. 10 бейтап каза тапты.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү