49 медициналык кызматкер коронаварус жуктуруп алды
- 4 года мурун
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 49 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.
Бир суткада 4 медициналык кызматкер ооруканадан айыгып чыкты.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 879 учур катталды.
Алардын ичинен 446 медкызматкер стационардан айыгып чыкты.
Кыргызстанда 1-июлга карата бир суткада 439 кишиден COVID-19 вирусу аныкталды. Беш киши каза тапты.
Муну бөлүшүү