19 тоннадан ашык контрабандалык жүккө бөгөт коюлду

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети  (УКМК) тарабынан 12-январдан 15-февралга чейинки аралыкта мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз киргизилген 19 тоннадан ашык жүк кармалды.

Бул иштерге УКМКнын чек ара кызматынын аскер бөлүктөрүнүн биринин аскер кызматкерлери — прапорщик И.Н. жана сержант Э.М. шектелген.

Бул фактылар боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.

УКМК мамлекеттик чек арада контрабандага каршы күрөшүү боюнча тиешелүү иштерди улантууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты