​Асел Кадырбекованын ден соолугунда кичине жылыш бар, бирок оор бойдон

  • 4 года мурун

Бишкектеги травматология жана ортопедия илим-изилдөө институтунун жетекчиси Сабыр Жумабеков ырчы Асел Кадырбекованын саламаттыгында кичине жылыш бар экенин, бирок оор бойдон экенин билдирди.

-Асел Кадырбекованын ден соолугу оор бойдон. Дагы эле кома абалында, бирок өзү дем алып жатат.

Кичине болсо да жылыш бар, бирок оор бойдон -деди Сабырбеков.

Ырчы Асел Кадырбекова 26-июнда кечинде Toyota Camry машинасын айдап бара жатып, жол кырсыгына учураган. Анын машинасы жеке күзөт агенттигинин унаасы менен кагылышып, андан үч киши жабыркаган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты