Өкмөт аппаратынын 26 кызматкеринен COVID-19 аныкталды

  • 4 года мурун

Өкмөт аппаратынын 26 кызматкеринен коронавирус инфекциясы аныкталды.

Эки күн мурда 11 адамдын инфекцинен яны жуктургандыгы аныкталган, кайрадан алынган анализдин жыйынтыгы боюнча дагы 15 кызматкер илдетке кабылгандыгы белгилүү болду.

Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык кызматы билдирди.

Алардын арасында премьер-министрдин кеңешчиси Артем Новиков жана премьер-министрдин жардамчысы бар. Өкмөттүн аппарат жетекчиси Таалайбек Темиралиев байланышта болгон адам катары учурда обочолонууда.

Санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралардын алгоритмине ылайык алар үй карантининде жана тиешелүү дарылануудан өтүшүүдө. Алардын көпчүлүгүндө оорунун белгилери билинбей өтүп жатат. Ошондой эле алар менен байланышта болгон адамдар аныкталган.

Өкмөт аппаратынын кызматкерлеринин көпчүлүк бөлүгү аралыктан иштөөнү улантышууда.

27-июнга карата бир суткада 1 бейтап каза болду.

28-июнга карата республикада бир суткада СOVID-19 инфекциясынын жаңы 235 учуру катталды.


Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты