Дагы 19 медицина кызматкери вирус жуктуруп алды
- 4 года мурун
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 19 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.
Алардын арасында Бишкек шаарында – 13, Ош шаарында – 3 Ош, Баткен. Талас облустарында – 1 ден.
Ал эми стационардан бир сутка ичинде 7 медкызматкер айыгып чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 648 учур катталды. 396 медкызматкер айыгып чыкты.
Өткөн сутка ичинде COVID-19 инфекциясынан Тогуз-Торо жалпы дарыгерлер практикалоо борборунан 1971-жылы туулган аял каза тапты.
Кыргызстанда коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 43 кишини түздү.
25-июнга карата бир суткада Кыргызстанда COVID-19 инфекциясынын 228 учуру катталды.
Муну бөлүшүү