Жээнбеков Москвадан кайтып келди
- 3 жыл мурун
Президент Сооронбай Жээнбеков баштаган делегация бүгүн, 24-июнда, Москва шаарынан кайтып келди.
Санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралардын алгоритмине ылайык, делегация мүчөлөрү коронавирус инфекциясына кайрадан анализ тапшырышты.
Буга чейин белгилегендей, алардын бардыгы, анын ичинде мамлекет башчы дагы анализдери чыкканга чейин 3 күндөй өз алдынча обочолонууда болушат.
Мурда анализдеринде вирус аныкталгандар 14 күн обочолонууга алынат.
23-июнда Президент Сооронбай Жээнбеков баштаган кыргыз делегациясы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган иш-чараларга катышуу үчүн Москва шаарына барган.
Москвага барганда талапка ылайык, тест тапшырганда кыргыз делегация мүчөлөрүнүн экөөнөн коронавирус аныкталгандыгы белгилүү болгон. Ошондон улам Президент Жээнбеков Москвадагы иш-чараларга катышуудан баш тарткан.
Сүрөт: president.kg