​Жээнбеков Канттагы авиабаза тууралуу мыйзамга кол койду

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков 22-июнда Орусиянын Кант шаарындагы авиабазасы боюнча макулдашуунун айрым пункттарын өзгөртүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө мыйзамга кол койду.

Протоколго 2019-жылы 28-мартта Кыргызстан менен Орусия президенттери кол коюшкан. 2020-жылы 11-июнда Жогорку Кеңеш дароо үч окууда жактырган.

Эки тарап авиабазанын аянтын кайрадан ченеп чыгуу чечимин кабыл алынган. Ага ылайык, Орусия базада 58,32 гектар жерди ашыкча пайдаланып келгени аныкталган.

Тагыраагы, Москва колдонгон жердин аянты 2012-жылдагы келишимде көрсөтүлгөндөй 866,2 гектар эмес, иш жүзүндө 924 гектар экени эсептелген. Жыйынтыгында орус тарап мурда жердин ижара акысы үчүн жыл сайын 4 млн. 502 миң доллар төлөсө, протокол күчүнө киргенден кийин 4 млн. 794 миң доллар төлөй баштайт.

Протоколдун дагы бир пункту авиабазанын учуу-конуу тилкесин оңдоого байланыштуу. Орусия бул тилкенин асфальтын толук алмаштырууга макул болуп, бирок аны менчикке өткөрүүнү сунуштаган. Дал ушул учуу-конуу тилкеси Орусиянын менчигине өтсө, анын алдындагы жер тилкеси да Москванын ээлигине өтүшү мүмкүн деген кооптонуу жаралган болчу.

Өлкө аткаминерлери жер тилкеси убактылуу гана колдонууга берилгенин билдирүүдө.

Кыргызстанда Орусиянын төрт аскердик объектиси жайгашкан. Алардын эң ириси — Канттагы авиабаза. Ал 2003-жылы Канттагы эски аскер аэродромунун базасында ачылган.

Политолог Эмил Жураевдин авиабаза тууралуу пикири бул шилтемеде.

Сүрөт: EPA-EFE.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты