«Маалыматты манипуляциялоо»: Мыйзам долбоору комитетте 2-3-окууда колдоо тапты

  • 4 года мурун

Жогорку Кеңеш депутаттары Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонова демилгелеген, коомчулуктта чуу жараткан «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети 22-июнда эки окууда колдоо тапканын депутат Жанарбек Акаев билдирди.

-«Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору ЖКнын социалдык комитетинде 2-3-окуудан катары менен добушка коюлуп, колдоо тапты. Депутат Дастан Бекешев комитет жыйынына катышып, каршы пикирин билдирди. Мен да комитет мүчөсү катары каршы добуш бердим.

ЖК жыйынында да каршы чыгабыз,- деди депутат Акаев.

17-июнда парламентте «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору талкууланып, биринчи окууда кабыл алынды.

Мыйзам долбооруна каршы депутаттар Интернетти көзөмөлдөө техникалык жактан мүмкүн эмес экенин жана мамлекеттик орган маалыматтын жалган же чын экенине аныктама бере албастыгын белгилешти.

Интерньюс — Кыргызстан аталган мыйзам долбоору интернет материалдарга көзөмөлдү күчөтөрүн баса белгиледи.

«Медиа Полиси Институту» уюму «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору «Кыргызстандын Конституциясына каршы келет» деген билдирүү тараткан.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты