Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу: Сот отуруму өтүп жатат

  • 4 года мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда криминалдык төбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча сот отуруму улантылып жатат.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча айыпталып жаткандардын ичинен тергөө менен кызматташкандардын иши өзүнчө каралууда. Бул тууралуу кабарчыбыз Ырыс Кылычбек кызы маалымдайт.

Тергөө менен кызматташкандардын катарында мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Шамил Атаханов, экс-башкы прокурор Аида Салянова, Жаза аткаруу кызматынын ошол кездеги башчысы, депутат Зарылбек Рысалиев, мурдагы судья Жапар Эрматов жана дарыгер Ирина Цопова баштаган 13 киши бар.

Булардын иши быйыл июнь айында Свердлов райондук сотуна жиберилди. Ал эми УКМКнын мурдагы төрагасы Бусурманкул Табалдиевге издөө жарыяланган.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тергөө кызматы кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси, уюшкан кылмыштуу топтун кызыкчылыгы үчүн коррупция уюштуруу боюнча шектүү деп тапкан

Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги быйыл бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.

Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча 19 адам шектелген. Айып коюлган 19 кишиден тергөө менен кызматташкан бешөөнүн иши өзүнчө тергелүүдө.

Алардын ичинен Алмазбек Атамбаевдин, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаеванын, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиевдин жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжановдун иши сотко өткөн. 10-июнда бул кылмыш ишинде шек саналган дагы 13 кишинин иши сотко жиберилген.

Сүрөт: Ырыс Кылычбек кызы/ ПолитКлиника.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты