«Эркин Европа/Азаттык» радио президенти Жейми Флай отставкага кетти

  • 4 года мурун

«Эркин Европа/Азаттык» медиакорпорациясынын президенти Жейми Флай АКШнын глобалдык медиа агенттигинин жаңы башчысы Майкл Пэктин чечими менен отставкага кетти.

Бул тууралуу анын компания кызматкерлерине жолдогон билдирүүсүндө айтылат.

«Мен «Эркин Европа/Азаттык» радиосунан өтө кайгыруу менен кетип жатам. Бул уюмду бир жыл бою жетектөө – мен үчүн өмүр бою чоң сыймык», — деп жазылган катта.

Associated Press агенттиги Пэк АКШнын глобалдык медиа агенттигине караган дагы үч медиа-уюмдун жетекчисин кызматтан алганын билдирди. Мындан тышкары Пэк Ачык технологиялар фондунун башчысын да отставкага кетирген.

Пэк АКШнын глобалдык медиа агенттигинин башчылыгына эки апта мурун дайындалган. Бул убакыт аралыгында ал «Эркин Европа/Азаттык» радиосу (RFE/RL), «Эркин Азия» радиосу (RFA) , Жакынкы Чыгыш боюнча берүүлөр тармагынын (MBN) директорлор кеңешинин бардык мүчөсүн алмаштырып, өзүн төрага катары жарыялады.

АКШнын Глобалдык медиа агенттигинин башчысы Пэктин кызматкерлерге жолдогон электрондук билдирүүсүндө агенттикке караган медиа-уюмдардын көз карандысыздыгын камсыздоо, дүйнө жүзүндөгү бардык аудиторияга калыс, такталган маалыматтарды таратуу принцибин көздөй турганы айтылган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты