Вице-премьерлер жана өкмөт мүчөлөрү дайындалды
- 4 года мурун
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-июнда вице-премьер-министрлерди жана өкмөт мүчөлөрүн дайындоо тууралуу жарлыктарга кол койду.
Ага ылайык:
Алмазбек Баатырбеков биринчи вице-премьер-министр;
Эркин Асрандиев вице-премьер-министр;
Аида Исмаилова вице-премьер-министр;
Акрам Мадумаров премьер-министри болуп дайындалды.
Өкмөт мүчөлөрү:
Мамлекет башчынын жарлыктарына ылайык:
— Таалайбек Темиралиев өкмөттүн аппарат жетекчиси — КР министри;
—Чыңгыз Айдарбеков -тышкы иштер министри;
— Кашкар Жунушалиев ички иштер министри болуп дайындалды;
— Марат Жаманкулов — юстиция министри;
—Бактыгүл Жеенбаева финансы министри;
—Санжар Муканбетов экономика министри;
— Эркинбек Чодуев айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри;
—Жанат Бейшенов транспорт жана жолдор министри болуп дайындалды;
—Замирбек Аскаров өзгөчө кырдаалдар министри болуп дайындалды;
— Каныбек Исаков билим берүү жана илим министри болуп дайындалды;
— Сабиржан Абдикаримов саламаттык сактоо министри;
—Азамат Жаманкулов маданият, маалымат жана туризм министри;
—Улукбек Кочкоров эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри;
—Орозбек Опумбаев улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы;
-Эрлик Тердикбаев коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы;
—Эмил Осмонбетов энерргетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы;
—Алтынбек Исмаилов маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды.
Тиешелүү жарлыктарга Президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Ал эми буга чейин Кубатбек Боронов премьер-министр болуп дайындалган.
Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев радиожыштык ресурстарын узартуу жана кайра каттоо боюнча кылмыш ишинин алкагында анын дарегине айыптоолор айылгандыгына байланыштуу отставкага кеткен.