​Кубатбек Боронов премьер-министр болуп дайындалды

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков Конституциянын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, Кубатбек Бороновду мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотуп, премьер-министрликке дайындоо тууралуу жарлыкка кол койду.

Бүгүн, 17-июнда, Жогорку Кеңеш депутаттары Кубатбек Боронрвдун талапкерлигин премьер-министрликке жактырган.

Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев радиожыштык ресурстарын узартуу жана кайра каттоо боюнча кылмыш ишинин алкагында анын дарегине айыптоолор айылгандыгына байланыштуу отставкага кеткен. Андан соң парламенттик көпчүлүк коалициясы өкмөт башчылык кызмат ордуна Кубатбек Бороновдун талапкерлигин көрсөткөн. Ал буга чейин биринчи вице — премьер — министр кызматын аркалап келген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты