Жалал-Абад облусунда дагы жер титиреди
- 4 года мурун
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 12-июнда саат 10:30да Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Сузак районунун Жийде, Жаңы-Жер, Бек-Абад айылдарында 3 балл, Жар-Кыштак, Күмүш-Азаз, Сузак, Чек-Дөбө, Таш-Булак, Лагдан-Кара айылдарында жана Жалал-Абад шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү