Коронавирустан бир бейтап каза тапты
- 4 года мурун
13-июндагы маалымат боюнча 1 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду.
Ош шаардык ооруканасынан 52 жаштагы киши каза тапты.
Жалпы каза болгондордун саны 27 кишини түздү.
Кыргызстанда 13-июнга карата бир суткада коронавирустун жаңы 41 учуру катталды.
Республика боюнча коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 2207ге жетти. 54 бейтап ооруканадан айыгып чыкты.
Муну бөлүшүү