Коронавирус жуктуруп алган медкызматкерлер саны 425 ке жетти
- 4 года мурун
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.
Анын ичинен Бишкек шаарында – 4, Чүй облусунда – 2
Ал эми стационардан бир сутка ичинде 9 медкызматкер айыгып чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 425 учур катталды, алардын ичинен 321 медкызматкер стационардан айыгып чыккан.
12-июнга карата Кыргызстанда бир суткада коронавирустун 37 учуру катталып, жалпы саны 2166га жетти.
Муну бөлүшүү