Кыргызстанда коронавирустун 36 учуру катталды. Бардыгы 2119га жетти
- 4 года мурун
Кыргызстанда 11-июнга карата бир суткада коронавирустун 36 учуру катталды.
Анын ичинен:
Бишкек шаарында – 17;
Чүй облусу – 3;
Нарын облусу – 1;
Ысык-Көл облусу – 3;
Ош шаарында – 2;
Ош облусу – 4;
Жалал-Абад облусу-3;
Баткен облусу – 1;
Талас облусу – 2.
Коронавируска чалдыккандардын жалпы саны республика боюнча 2129 болду.
-Бүгүн катталгандардын 4 учуру чет өлкөдөн келген жарандардан аныкталган. Калган 19 учур медициналык көзөмөлдө тургандардан табылса, 13 учурдун булагы белгисиз бойдон калууда,- деди саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.
COVID-19 инфекциясынан 58 киши айыгып, ооруканадан чыгарылды. Айыккандардын жалпы саны 1630 болду.
Муну бөлүшүү