COVID-19: Каза тапкандардын саны 26 кишиге жетти
- 4 года мурун
Өткөн сутка ичинде 2 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду.
Жалал-Абад облустук ооруканасынан 72 жаштагы аял жана Панфиловдогу жалпы дарыгерлер практикалык борборунан 70 жаштагы киши каза тапты.
Коронавирустан каза болгондордун жалпы саны өлкөдө 26 кишини түздү.
Кыргызстанда 10-июнга карата коронавирустун жаңы 38 учуру катталып, жалпы саны 2093кө жетти.
Муну бөлүшүү