Сапар Исаков менен Мира Карыбаеванын адвокаттары шаардык сотко кайрылышат

  • 4 года мурун

Экс-премьер-министр Сапар Исаковдун жана президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаеванын адвокаттары Биринчи май райондук сотунун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылышат.

Бул тууралуу Сапар Исаковдун адвокаты Бакытбек Автандил уулу билдирди. Адвокаттын айтымында, сот Исаковго музейди реконструкциялоо иши боюнча 12 жарым жыл, ипподромдун курулушу боюнча да 12 жарым жыл берди. Мурдагы иштер боюнча буга чейинки өкүмдөрүн кошкондо жаза мөөнөтү жалпы 18 жыл деп белгиленди.

Райондук сот 9-июнда Улуттук тарых музейин оңдоо жана Чолпон-Атадагы ипподромду реконструкциялоого байланышкан кылмыш иштери боюнча Сапар Исаковду кылмыш кодексинин 319-беренеси («Коррупция») менен күнөөлүү деп таап, 18 жылга эркинен ажыратты жана 247 миллион 650 миң 281 сом айып пул салды.

Соттун чечими менен президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаева 320-берененин («Кызмат абалынан кыянат пайдалануу») негизинде күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом айып пул салынды.

4-июндагы отурумда прокуратура Сапар Исаковду Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) боюнча буга чейинки сот өкүмдөрүн кошкондо баш-аягы 20 жылга эркинен ажыратып, 247 миллион сом айыппул салууну өтүнгөн. Ал эми Мира Карыбаевага коюлган «Коррупция» беренеси «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренесине өзгөртүлгөндүктөн, ага 260 миң сом айыппул салууну сураган.

9-июндагы акыркы сот отуруму башталаар алдында Исаков менен Карыбаеванын тарапкерлери имараттын алдына чогулуп, экөөнү тең күнөөсүз деп эсептеп, актоону талап кылган акция уюштурушту.

Биринчи май райондук сотунун акыркы отурумуна Мира Карыбаева катышты, Сапар Исаков катышкан жок. Ал өзүнө карата козголгон кылмыш иштердин бардыгын саясий буюртма деп эсептеп, сотко катышуудан мурда эле баш тарткан.

Мурдагы премьер министр Исаков — мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ишенимдүү кадрларынын бири.

Сурөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты