Айтылуу актер Марат Жантелиев көз жумду

  • 4 года мурун

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, белгилүү кино жана театр артисти Марат Жантелиев 59 жаш курагында оор дартынын айынан көз жумду.

Бул тууралуу режиссер Эрнест Абдыжапаров кабарлады.

Марат Жантелиев 1961-жылы Нарын облусунда туулган. 1978-жылы Россиянын кинематография — ВГИК институтуна тапшырып, СССРдин эл артисти, айтылуу актер жана режиссер Алексей Баталовдун шакирти болгон. Институтту аяктары менен Төлөмүш Океевдин «Ак илбирстин тукуму» тасмасына тартылган. Режиссер Ирина Поплавскаянын фильмдеринде да роль ойногон.

Кино актер катары акыркы кездерде да жемиштүү иштеп, «Курманжан датка», «Президент жана бомж», «Саякбай» фильмдеринде роль ойноду. Айрыкча Эрнест Абдыжапаровдун «Саякбай» фильминде залкар Саякбай манасчынын ролун таасын аткарды.

Марат Жантелиев театр артисти катары драмалык ролдору менен да белгилүү болду, айтылуу Сакиш-Бопуш тандеминде, Бопуштун ролунда жылуу маанай, күлкү-тамаша тартуулаган көрөрмандардын сүйүктүү артисти эле.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты