​“Кыргызстан” фракция лидери мандатын тапшырмакчы

  • 4 года мурун

“Кыргызстан” парламенттик фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков мандатын тапшыруу арызын жазды.

Бул тууралуу ал ЖМКга билдирди.

Ал партиядан чыкпай турганын жана шайлоо өнөктүгүнө катышууга даярдана турганын билдирди. Анын ордуна ЖКга бизнесмен Бейшеналы Нурдинов келе турганын айтты.

Буга чейин Руслан Чойбеков мандатын тапшыруу арызын жазып, ал бүгүн БШКда каралат.

Анын ордуна- Замирбек Эсенаманов келээри айтылууда.

Ал эми андан мурда Жаныбек Исаев менен Алмазбек Эргешов да мандатын тапшырган. Алардын ордуна бизнесмен Шаршенбек Абдыкеримов жана Жаныбек Жоробек келген.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты