Коронавирус жуктуруп алган медициналык кызматкерлердин саны 395ке жетти
- 4 года мурун
7-июнга карата бир сутка ичинде өлкө боюнча 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.
Алсак, Нарын облусунда -3, Бишкек жана Ош шаарларында, Ош облусунда -1ден катталды.
Стационардан бир сутка ичинде 2 медкызматкер айыгып чыкты.
Жалпысынан республикада COVID-19 вирусуна 395 медициналык кызматкер чалдыкканы катталды.
Алардын ичинен 275 медкызматкер стационардан айыгып чыкты.
7-июнга карата республикада бир суткада OOVID-19 инфекциясынын жаңы 33 учуру катталып, жалпы саны 2007ге жетти.
Муну бөлүшүү