Дагы 7 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды
- 4 года мурун
4-июнга карата бир сутка ичинде өлкө боюнча 7 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.
Анын ичинен Ош шаарында -4, Бишкек шаарында – 2, Нарын облусунда-1.
Стационардан сутка ичинде 5 медкызматкер айыгып чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19га кабылган медицина кызматкерлеринин саны 372 ге жетти.
270 медкызматкер стационардан айыгып чыккан.
Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында айтылды.
Муну бөлүшүү