​Коронавирустан бир суткада 3 киши каза тапты. Арасында бир врач бар.

  • 4 года мурун

Кыргызстанда 3-июнга карата бир суткада 3 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду.

Ош облустук бириктирилген ооруканасынан — 2 бейтап (59 жана 55 жаштагы кишилер ). Каза тапкандардын арасында бир врач бар.

Нарын облустук ооруканасында — 1 бейтап (84 жаштагы эркек).

Коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 20 кишини түздү.

3-июнга карата бир суткада 26 кишиден коронавирус аныкталды. Вируска чалдыккандардын жалпы саны 1871ге жетти.

46 киши айыгып чыкты. Айыккандардын жалпы саны 1265ке жетти.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.


Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты