​ИИМ: Саймаитинин өлүмү боюнча жаңы маалыматты Түркия бере элек

  • 4 года мурун

Жогорку Кеңеште Кытай ишкери Айэркен Саймаитинин өлүмү боюнча түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын жыйыны өтүүдө. Жыйында Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук комитетинин ж.б. өкүлдөрү маалымат беришүүдө.

Кытай жараны Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу Түркия тарап азырынча расмий маалымат бере электигин ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын башчысы Сыргак Айткурманов билдирди.

«Түркия бизге Саймаитинин өлүмү тууралуу маалымат берди. Саймаитини ким, кандай жагдайда өлтүргөнү, буйрукту ким бергени тууралуу толук материал берилген жок. 2005-жылы кол коюлган кызматташтык тууралуу келишимге ылайык, алар маалымат бербегенинин себебин түшүндүрүшү керек болчу. Бирок ушунча убакыт өттү, түшүндүрүшкөн жок. Ошондой эле аларда мамлекеттик кызыкчылык туудурган маселе боюнча бизге маалымат бербей коюуга укугу бар экен» деп жооп берди.

Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов Түркия өз кезегинде талаптарын коюп жатканын кошумчалады:

“Түркия тарап силерде жүргөн ФЕТО уюмунун өкүлдөрү тууралуу маалымат бергиле, кармап бергиле деп жатат, биздин маалымат боюнча ФЕТО террористтик уюмга кирбейт, ошолорду кармап бергиле деп жатат. Ошол жагынан түшүнбөстүк бар. Аны прокуратура аркылуу бериш керек, прокуратура бербейт. Экстрадиция, издөөдө жүргөн кылмышкерпдерди берүү баш проркуратура аркылуу чечилиш керек. Ошолор чечилбей, бизге да толук кандуу жооп бербей жүрүшөт» деди.

ИИМ өкүлү «Манас» аэропортунун жанындагы таксист Керимовдун өлүмүнүн Саймаитиге тиешеси жок экендиги билдирди.

Кытай жараны Айеркен Саймаитиге жасалма кыргыз паспортун берүү фактысына байланыштуу сотко чейинки өндүрүш 2019-жылы июль айында башталып, Сузак райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адисине айып тагылган.

Стамбулда 10-ноябрда киши колдуу болгон кытай жараны Айеркен Саймаитинин ысымы «Азаттыктын» быйыл май айынын соңунда жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө аталган.

Анда 700 млн доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөн жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты