1-июнда Кыргызстанда балдардын алгачкы онлайн саммити өтөт
- 4 года мурун
Эртең, 1-июнда, өкмөт үйүндө балдардын алгачкы онлайн саммити өтөт.
Иш-чарага вице-премьер-министр Аида Исмаилова, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм ж.б. катышат.
Ошондой эле 50 бала катышат, ар бир аймактан 6 дан, ал эми Бишкек жана Ош шаарларынан 4төн бала чыгат.
COVID-19 пандемиясына байланыштуу балдарды коргоо күнү быйыл онлайн режиминде өтүп жатат.
Кыргызстандын балдарынын биринчи онлайн саммитинде балдарга зомбулук көрсөтүүгө көз караштары, аларды тынчсыздандырган маселелер талкууланат.
Муну бөлүшүү