Сүрөтчү Баатыр Жалиев 85 жашында дүйнөдөн өттү. Некролог

85 жаш курагында Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү Баатыр Жалиев дүйнө салды.

Расмий некрологдо билдирилгендей, Баатыр Жалиев 1935-жылы Ош облусунун Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылында туулган. 1964-жылы Фрунзе көркөм сүрөт окуу жайын бүтүргөн. 1968-жылдан бери СССР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү болгон.

1977–жылдан 1982-жылга чейин Кыргыз сүрөтчүлөр союзунун Ош облусу бөлүмүнүн төрагасы болуп иштеген.

Анын чыгармачылыгы өнөр жай жана айыл чарба темасына арналган. Сүрөтчүнүн «Өнөр жайлуу Ош» (1966), «Ош курулуп жатат» (1972), «Хайдаркан комбинаты» (1974) аттуу Жанрлуу-портреттүү «Тогуз коргоол» (1974) чыгармасы Баатыр Жалиевдин чыгармачылык чоң жетишкендиги болуп эсептелет.

Баатыр Жалиевдин көркөм сүрөттөрү республикалык, бүткүл союздук жана эл аралык көргөзмөлөргө катышып, байгелүү орундарга арзыган. Сүрөтчүнүн чыгармалары Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде жана КМШ өлкөлөрүнүн музейлеринин алтын фондунда сакталып турат.

Анын изденүүсүнүн негизинде улуттук сүрөт маданиятында “Сизизм” көркөм формасы жана агымы жаралган. Бул агымдын негиз салуучусу катары улуттук сүрөт өнөрүнө жаңы дем кошуп, өзүнүн сүрөтчүлүк “мектебин” жараткан.

Сүрөтчүнүн эмгектери өзүнүн үй-музейинен орун алган. Баатыр Жалиевдин өзүнүн демилгеси менен негиздеген үй-музейи 2012-жылдан бери иштеп келет.

Жалиевдин сүрөтчүлүк таланты жогору бааланып, “Эмгектеги артыкчылык” медалы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен сыйланган. Ага Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү ардактуу наамы ыйгарылган.

Таланттуу сүрөтчү, кыргыз сүрөт өнөрүнүн классиктеринин бири Баатыр Жалиевдин жакын туугандарына терең кайгыруу менен көнүл айтылды.

Баатыр Жалиевдин тажиясы 31-майда Ош шаарында өтөрү айтылды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты