Бишкекте коронавирустан айыгып чыккандар арбын болду
- 5 лет мурун
31-майга карата өлкөдө бир сутка ичинде ооруканадан 57 бейтап айыгып чыкты.
Анын ичинен Бишкек шаарында – 40, Нарын облусунда -10, Ош шаарында – 7 киши айыкты.
Республика боюнча коронавирустан жалпысынан 1170 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
31-майга карата республикада бир суткада COVID-19 инфекциясынын жаңы 26 учуру катталды. Коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 1748ге жетти.
Муну бөлүшүү