​Укук коргоочу Камилжан Рузиев документ жасоо боюнча айыпталууда

  • 4 года мурун

Бүгүн, 30-майда, Ысык-Көл облусунда укук коргоочу, «Вентус» коомдук бирикмесинин жетекчиси Камилжан Рузиев кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

«Вентус» коомдук бирикмесинин жетекчиси, 57 жаштагы Рузиевге жасалма документ жасоо фактысы боюнча айып тагылууда.

Сотко чейинки өндүрүш кылмыш—жаза кодексинин 359-беренеси “Документти жасоо” жана 204-беренеси, алдамчылык боюнча кылмыш жана жоруктар бирдиктүү реестрине катталды.

Укук коргоочу Каракол шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК бул кылмышка катыштыгы бар башка адамдарды тактоо иштерин жүргүзүп жаткандыгы маалымдалды.

Сүрөттө: Камилжан Рузиев. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты